16:20, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

КСДП УКМК менен ИИМдин башчыларына иш козгоо боюнча кайрылуу жөнөттү

На русскомEnglish
19:02, 10 аяк оона 2019 1128
Село Кой-Таш
Село Кой-Таш
// АКИpress

Баракелде -  Башкы прокуратурага 9-сентябрда КСДП партиясынын мүчөлөрүнөн Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуялар боюнча жамааттык кайрылуу келип түштү. Бул маалыматты АКИpress агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.

КСДПнын катчылыгы тараткан маалымат боюнча, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон бир катар кызматкерлерге, өзгөчө УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана «Альфа» атайын багыттагы бөлүмүнүн башчысына кылмыш иш козгоону суранышкан.

«Сооронбай Жээнбековдун иш-аракетине өзүнчө юридикалык баа берип, импичмент процедурасын баштоо үчүн ага мамлекеттик кылмыштар боюнча айып тагууну талап кылабыз», - деп айтылат кайрылууда.

А.Атамбаевдин тарапташтарынын айтымында, 7-8-августта Кой-Ташта жабыркагандардын арасында мурунку депутаттар — Нурбек Касымбеков (кабыргасы сынып, көзүнөн жана бетинен жаракат алган) менен Мээрбек Мискенбаев бар.

Ошондой эле алар жабыркаган башка адамдарды санап беришти. Алар: Д.Алманбетов (көкүрөгүнө ок тийген), Намазалиев (көкүрөгүнө ок тийген), А.Шаршеналиев (сол буту күйүп калган), Э.Исмаилова (буту күйүп калган), А.Кыдырбаев (жаагы чыгып кеткен), К.Эсенбаев (балтырына ок тийген), Б.Кыдыралиев (балтырына ок тийген), Камчыбек у. К. (октон жаракат алган), К.Осмоналиев (балтырына ок тийген), С.Сатыбекова (чыканагы сынган), С.Медетбеков (октон жаракат алган), Б.Шаршенбаев (октон жаракат алган), Т.Иманкулов (октон жаракат алган), Т.Бердибаев (кабыргасы сынган), Л.Какебаев (октон жаракат алган), Г.Токтомушев (бутунан жаракат алган), Бейшенбек у. Ы. (көкүрөгүнө ок тийген), Чойдиев (далысынан жаракат алган) жана башкалар.

А.Атамбаевдин тарапташтары Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) жана 190-берене (турак жайга кол тийбестикти бузуу) боюнча кылмыш иш козгоону суранышкан.

Партиянын катчылыгы билдиргендей, кайрылуу 3307 номуру менен катталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком