09:37, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
08:42, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202031 Доллардын Бишкектеги орточо баасы — 69,7 сом
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 20202379 Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 20201036 Абанын күндүзгү температурасы
21:13, Үчтүн айынын он тогузу, 202063 Дүйнөдөгү эң кичинекей адам 28 жашында көз жумду
Учурда окулуп жатат
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (106 адам окуп жатат)
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (21 адам окуп жатат)
Абанын күндүзгү температурасы
09:12, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (16 адам окуп жатат)
Түндө Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

4 жигиттин өмүрүн алган кырсык: Жеңил унаадагы кыздын абалы кандай?

На русском
15:53, Аяк оона айынын ону, 2019 6792
Кадры с места ДТП
Кадры с места ДТП

Баракелде -  Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисиндеги 4 өспүрүмдүн өмүрүн алган жол кырсыктан жабыркаган кыз жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

«Бейтап — 2002-жылы туулган А.Н. жандандыруу бөлүмүндө, абалы абдан оор. Анын боору жабыркаптыр, операция жасадык. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», - деди ал.

4 жаш жигиттин өмүрүн алган жол кырсык кечээ, 9-сентябрда саат 14:50 чамасында болду. 17 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы «Шкода Октавия» унаасы Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жатканда карама-каршы багыттагы автобус менен кагышып, талкаланган. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташыган автобус даракты сүзүп токтогон.

Жеңил унаада 5 адам — 4 жигит жана 1 кыз бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 4 жигит ошол жерде каза болду.

Каза болгондор:

- 2002-жылы туулган Б.Б. (айдоочу);

- 2002-жылы туулган К.А.;

- 2002-жылы туулган Ж.Э.;

- 2002-жылы туулган А.Б.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна автобустун 3 жүргүнчүсү жеткирилген:

- 1989-жылы туулган Б.А., башынан, баш мээсинен жаракат алган, абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндө;

- 1960-жылы туулган Б.Г., кар жилиги сынган, абалы орто оор. Нейротравматалогия бөлүмүндө;

- 20-25 жаштагы кыз баш мээсинен жаракат алган, ооруканадан чыгарылды.

Шаардык клиникалык балдар ооруканасына 2 адам жеткирилген:

- 2003-жылы туулган Ж.Н., абалы канааттандырарлык;

- 2011-жылы туулган М.А., ооруканадан чыгарылды.

Ал эми Улуттук госпиталга 1998-жылы туулган Т.Б. (автобустун жүргүнчүсү) жеткирилген. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком