10:19, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
Учурда окулуп жатат
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (83 адам окуп жатат)
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
09:48, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (28 адам окуп жатат)
Бишкекте 8-кабаттан секирген киши дүкөндүн чатырына кулап түштү
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (12 адам окуп жатат)
Абанын күндүзгү температурасы

Өкмөттүк жолдогу кырсык: Мерт кеткен өспүрүмдөр бир куракта болчу

На русском
13:37, Аяк оона айынын ону, 2019 4304

Баракелде -  Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисиндеги жол кырсыктан каза болгон өспүрүмдөрдүн баары 2002-жылы төрөлүшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен 2002-жылы төрөлгөн 4 өспүрүм — Б.А. (айдоочу), К.А., Ж.Э. жана А.Б. окуя болгон жерде мерт кеткен. Ал эми унаанын жүргүнчүсү — 2002-жылы туулган А.Н. (кыз киши) Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген.

Ошондой эле жеңил унаа менен кагышкан автобустун айдоочусу жана автобустун 3 жүргүнчүсү аталган ооруканага жаткырылды.

Бул факт Жазык кодексиндеги 297-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

4 жаш жигиттин өмүрүн алган жол кырсык кечээ, 9-сентябрда саат 14:50 чамасында болду. 17 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы «Шкода Октавия» унаасы Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жатканда карама-каршы багыттагы автобус менен кагышып, талкаланган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком