16:16, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тажик президентинин кудасы милиция кызматкерин сабады, - ЖМК

На русском
11:10, 10 аяк оона 2019 303

Баракелде -  Тажикстандын Куляб шаарында Байланыш кызматынын башчысы — президент Эмомали Рахмондун кудасы Бег Сабур ИИМдин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкери менен мушташты. Окуя 8-сентябрда болгонун «Ахбор» сайты билдирди.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, милиционер президент Рахмондун Кулябга боло турган иш сапарынын алдында объектилерди текшерип чыккан. Ошондой эле шаардык парктын жанында Бег Сабур курдуруп жаткан имаратты дагы текшерүүнү чечкен. Ага ал текшере турган имарат президенттин кудасыныкы экенин эскертишкен. Бирок милиция кызматкери: «Бул имарат Бегдинби же дегдинби (тажик тилинде кемсинтүү сөзү) мага баары бир», - деген. Ал сөзүн Бег Сабур өзү угуп калып, милиционерге кол салган. Анын туугандары дагы кошулуп, милициянын офицерин сабап салышкан.

Булактардын маалыматына караганда, сабалган милиционер кармалган. Бирок бул маалымат тактала элек. Расмий бийлик дагы бул окуя боюнча комментарий берген эмес.

Тажикстандын президенти кийинки жумада Куляб шаарына барат. Анын катышуусунда мейманкана жана Бег Сабур тарабынан шаардык парктын жанына курулган бир нече имараттын ачылышы болору күтүлүүдө.

Өлкөнүн мыйзамы мамлекеттик кызматкерлерге бизнес менен алектенүүгө тыюу салганына карабастан, Бег Сабур Тажикстандагы курулуш рыногундагы лидерлердин бири болуп саналат. Бег Сабурга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон компаниялар Дүйшөмбү жана Куляб шаарларында бир нече объекттерди куруп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком