16:15, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

1000 сом үчүн кыйылган өмүр: Токмокто 61 жаштагы адам чогуу жашаган аялды сабап өлтүрдү

На русском
17:55, 9 аяк оона 2019 (Жаңыланды: 22:55, аяк оона 11 2019) 136

Баракелде -  Токмок ШИИБдин Криминалык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан чогуу жашаган аялдын денесине оор жаракат келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

17-августта Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканага денесинен оор жаракат алган аял жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн. Ал жабырлануучу 29-августта эс-учуна келбей көз жумган. Каза болгон аялдын өздүгү такталып, ал 1957-жылы туулган Щ.О. болгон.

Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Көп узабай кылмышка шектелип каза болгон аял менен чогуу жашаган 51 жаштагы Т.С. аттуу эркек адам кармалган. Ал буга чейин дагы уурулук жана баңгизат каражатын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча соттолгон.

Каза болгон аял менен шектүүнүн ортосундагы жаңжал жоголгон 1000 сомго байланыштуу чыкканы аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком