16:14, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги жол кырсык 4 адамдын өмүрүн алды (сүрөт, видео)

На русскомEnglish
17:19, 9 аяк оона 2019 14833
Кадры с места ДТП
Кадры с места ДТП

Баракелде -  Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисиндеги жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 9-сентябрда ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, окуя бүгүн саат 14:50 чамасында болгон. 17 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы «Шкода Октавия» унаасы Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жатканда карама-каршы багыттагы автобус менен кагышып, талкаланган.

«Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду, учурда алардын өздүгү такталып жатат. Ал эми унаа айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин окуяга күбө болгондор №8 автобус менен кагышкан жеңил унаанын ичинде 4 жигит жана 1 кыз болгонун билдирип, сүрөт жана видео жөнөтүшкөн болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком