10:10, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
Учурда окулуп жатат
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (65 адам окуп жатат)
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
09:48, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (29 адам окуп жатат)
Бишкекте 8-кабаттан секирген киши дүкөндүн чатырына кулап түштү
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (12 адам окуп жатат)
Абанын күндүзгү температурасы

Бишкектеги жол кырсык 4 адамдын өмүрүн алды (сүрөт, видео)

На русскомEnglish
17:19, Аяк оона айынын тогузу, 2019 15267
Кадры с места ДТП
Кадры с места ДТП

Баракелде -  Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисиндеги жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 9-сентябрда ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, окуя бүгүн саат 14:50 чамасында болгон. 17 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы «Шкода Октавия» унаасы Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жатканда карама-каршы багыттагы автобус менен кагышып, талкаланган.

«Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду, учурда алардын өздүгү такталып жатат. Ал эми унаа айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин окуяга күбө болгондор №8 автобус менен кагышкан жеңил унаанын ичинде 4 жигит жана 1 кыз болгонун билдирип, сүрөт жана видео жөнөтүшкөн болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком