16:18, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстанда абактан чыккан жигит мурунку сүйлөшкөн кызынын баласын муунтуп өлтүрдү

На русском
13:24, 9 аяк оона 2019 1063
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Казакстанда жаш баланы уурдап кетип, муунтуп өлтүргөн 23 жаштагы шектүү кармалды. Ал буга чейин адам өлтүрүп, абакта жазасын өтөп чыкканын «Zakon.kz» басылмасы жазды.

Булактардын маалыматы боюнча, 3 жаштагы баланын өлүмүнө шектүү жигит Карагандадагы бекеттен колго түштү. Ал 5-сентябрда таанышынын (мурунку сүйлөшкөн кызы) 3 жаштагы баласын уурдап, качып кеткен. Полиция шектүүгө издөө жарыялаган. Ал эми 8-сентябрда баланын жансыз денеси табылды, аны муунтуп өлтүрүшкөн.

Шектүү Игентай Сопыжанов 2014-жылдан бери маркум баланын апасы менен сүйлөшүп жүргөн. Бирок алардын мамилесине кыздын апасы менен таежеси каршы болушкан. Өзгөчө кыздын таежеси шектүүнү кабыл албай, дайыма жаңжал чыгып турган. Жыйынтыгында кыз жигитине эки жолго түшүү чечими тууралуу билдирген. Шектүү жигит кыздын таежесин балта менен чаап өлтүрүп, качып кетүүгө аракет жасаганда колго түшкөн. Ал 19 жашында 9 жылга эркинен ажыратылып, 4 жыл жаза өтөгөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

«Учурда Сопыжанов жаш баланы уурдап кетип өлтүргөнү боюнча көрсөтмө берип жатат. Ал тергөө абагына киргизилди. Тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деди Караганда облусунун полиция департаментинин башчысы, полициянын полковниги Ерлан Файзуллин.

Шектүү

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком