09:16, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
08:42, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202029 Доллардын Бишкектеги орточо баасы — 69,7 сом
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 20201647 Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020693 Абанын күндүзгү температурасы
21:13, Үчтүн айынын он тогузу, 202060 Дүйнөдөгү эң кичинекей адам 28 жашында көз жумду
Учурда окулуп жатат
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (136 адам окуп жатат)
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (28 адам окуп жатат)
Абанын күндүзгү температурасы

UFC: Хабиб Нурмагомедов 6 млн доллар гонорар алды

На русском
12:37, Аяк оона айынын сегизи, 2019 1910
Хабиб Нурмагомедов
Хабиб Нурмагомедов

Баракелде -  Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Дастин Порье менен болгон беттеш үчүн 6 млн доллар алды. Бул гонорар Конор Макгрегорго каршы беттештен 3 эсеге көп. Анда Х.Нурмагомедов 2 млн доллар гонорардын 500 миң долларын айып катары төлөгөн.

Ал Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн UFC 242 турниринде 3-раундда Д.Порьени муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук курун экинчи жолу коргоп калды.

6 млн доллар — Нурмагомедовдун карьерасындагы эң көп гонорар.

UFC 242 турнирине катышкан айрым мушкерлердин гонорары:

- Хабиб Нурмагомедов — $ 6 000 000;

- Дастин Порье — $ 250 000;

- Кертис Блейдс — $ 80 000 + $ 80 000;

- Пол Фелдер — $ 48 000 + $ 48 000;

- Эдсон Барбоза — $ 75 000;

- Ислам Махачев — $ 22 000 + $ 22 000;

- Дэйви Рамос — $ 16 000;

- Зубайра Тухугов — $ 14 000;

- Шамиль Абдурахимов — $ 22 000;

- Майрбек Тайсумов — $ 22 000.

--------------------------------------------------------------------

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегордун беттешинен кийинки баш аламандыкка байланыштуу соттун чечими 2019-жылдын январь айында чыккан болчу. UFC 229 турнири 2018-жылдын 7-октябрында Американын Лас-Вегас шаарында өткөн.

Мелдеш Хабибдин жеңиши менен аяктагандан кийин ал октагондон дароо секирип түшүп, каршылашынын тарапташтарынын бирине кол салууга аракет кылган. Ошол эле учурда октагондун ичинде да эки тараптын өкүлдөрүнүн катышуусунда баш аламандык болгон. NSAC кабыл алган чечим боюнча Хабиб Нурмагомедов 9 айга дисквалификацияланып (2018-жылдын 6-октябры), 500 миң доллар айып төлөдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком