16:18, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

UFC: Хабиб Нурмагомедов кайрадан октагондон секирип түштү. Видео

На русском
11:51, 8 аяк оона 2019 1456

Баракелде -  Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмундагы чемпиондук курун экинчи жолу коргоп калды.

Бүгүн, 8-сентябрга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында UFC 242 турнири өттү. Турнирдин башкы беттешинде жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов менен ушул эле дивизондогу убактылуу чемпион Дастин Порье күч сынашты. Жыйынтыгында Х.Нурмагомедов жеңүүчү аталды. Россиялык мушкер 3-раундда Д.Порьени муунтуу ыкмасы менен утуп алды.

Нурмагомедов беттеш аяктагандан кийин дароо октагондон залга секирип түшүп, UFC уюмунун директору Дана Уайтты кучактады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

MADNESS @khabib_nurmagomedov

Публикация от Dana White (@danawhite)7 Сен 2019 в 2:54 PDT

--------------------------------------------------------------------

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегордун беттешинен кийинки баш аламандыкка байланыштуу соттун чечими 2019-жылдын январь айында чыккан болчу. UFC 229 турнири 2018-жылдын 7-октябрында Американын Лас-Вегас шаарында өткөн.

Мелдеш Хабибдин жеңиши менен аяктагандан кийин ал октагондон дароо секирип түшүп, каршылашынын тарапташтарынын бирине кол салууга аракет кылган. Ошол эле учурда октагондун ичинде да эки тараптын өкүлдөрүнүн катышуусунда баш аламандык болгон. NSAC кабыл алган чечим боюнча Хабиб Нурмагомедов 9 айга дисквалификацияланып (2018-жылдын 6-октябры), 500 миң доллар айып төлөдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком