16:11, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

UFC: Хабиб Нурмагомедов чемпиондук курун коргоп калды (сүрөт, видео)

На русском
03:13, 8 аяк оона 2019 6376

Баракелде -  Бүгүн, 8-сентябрга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында UFC 242 турнири өттү. Турнирдин башкы беттешинде жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов менен ушул эле дивизондогу убактылуу чемпион Дастин Порье күч сынашты.

Жыйынтыгында Х.Нурмагомедов жеңүүчү аталды. Россиялык мушкер 3-раундда Д.Порьени муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук курун коргоп калды.

«Биринчиден, жаратканга ыраазычылык билдиргим келет», – деген Нурмагомедов күйөрмандарына колдоо көрсөткөнү үчүн рахмат айтты.

Беттештен кийин Дастин Порье:«Азыр үйгө барып жөн гана үй-бүлөм менен сүйлөшөм. Эми күчтүүрөөк болуп кайтам», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком