16:17, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Өлүкканага түшүп кала жаздагам»: Үмүтай авариядан кийин өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган

14:36, 8 аяк оона 2019 8038

Баракелде -  Жашоо ар кандай «белектерди» даярдаса, анын баары эле жагымдуу боло бербейт. Керек болсо айрымдары жашоону түп тамырынан өзгөртүп салууга жөндөмдүү. Бирок арабызда тагдырдын татаал сыноосуна сынбай, жашоосун жакшы нукка буруп кеткен адамдар бар. Алардын бири — жол кырсыктан аман калган Үмүтай Асанова. Ал Limon.KG басылмасына башынан өткөргөн оор күндөрү тууралуу айтып берди.

Кырсыкка чейин…

Өзүм Алайдан болом, учурда 21 жаштамын. Биздин үй-бүлө 6 адамдан турат. Атам менен апам мугалим. Мектепте жакшы окугандыктан англис тили боюнча Бишкектеги олимпиадага катышууга келдим. Бирок Бишкекке келген күнү эртең менен унаа сүзүп кетти...

Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы жашоо...

Окуя кандай болгону эсимде жок, бирок анын кесепетинен 3 айдан ашык комада жаттым. Ата-энем дароо Алайдан Бишкекке келишти. Дарыгерлер менден баш тартты, бирок ата-энемдин аракети менен жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Убакыт өтүп, ата-энемдин акчасы түгөндү. Эч нерсе калбай калганда ата-энем мени өлүк сактоочу жайга жөнөтүүгө макул болушту. Менден баш тартышты десем да болот…

Кудайга шүгүр, мени катуу түртүшкөндө көзүмдү ачтым. Бирок баарын унутуп калыптырмын, жакындарымды, өзүмдү, деги эле айланадагыларды тааныбай калдым. Эч нерсе эстей албай 3 жыл жаттым. Ал учурда эч нерсе жардам берген жок. Бул абал наристелер жаңы төрөлгөн учурга окшош. Баарын башынан үйрөнүүгө туура келет. Баса албай, жакшы сүйлөй албай каласың.

Дарыгерлердин мамилеси

Ооруканадан чыгып жатканда дарыгерлер ата-энемди чакырып, мени коридордогу керебетке отургузуп коюшту. Дарыгер аларга мени майып болуп калат деп айтканын уктум. Ошондуктан дарыгерлерге түз көз карашта эмесмин. Алар кадимки жашоого кайтуума жардам бергиси келбегендей, менин жашап кетишиме каршы болушкандай туюлду.

Бишкекте үйүбүз жок болгондуктан биздин чоң үй-бүлө эжемдикинде жашап жаттык. Абдан ыңгайсыз болду. Үч күн токтоосуз ыйладым. Атам себебин сураганда эми кадимки адамдардай жашай албай турганымды билүү оор болуп жатканын айттым. Албетте, ал мени жубатууга аракет жасады.

Бул абалды толугу менен түшүндүрүү кыйын. Мындай абалды эч кимге каалабайт элем. Тирүү адамдайсың, бирок өзүңдү жансыз сезесиң. Депрессияга түштүм, кыйкырдым, ыйладым… Бирок өзүмдү колго алууга туура келди.

«Оорулуу» деп аташты

Ата-энемден мени мектепке берүүнү сурандым, анткени абдан окугум келди, башкалардай болгум келди. Өзүм курактуулардан 4 жыл артта калганымды, аларга жете албай турганымды айтышты. Бирок мектепке барып баштадым. Атам колуна көтөрүп алып барып жүрдү. Мени дароо эле 6-класска киргизишти, бирок мектептегилердин шылдыңына кабылдым. «Оорулуу» деп аташты, денемдин сол капталы кырсыктан кийин жабыркаган. Мунун баарын эстөө мен үчүн оор. Мындай нерселерге көңүл бурбаш керектигин түшүндүм. Эч нерсеге карабай окудум.

Акча аркылуу досторду таптым. Классташтарыма мени менен сүйлөшүү үчүн акча берчүмүн. Ошондо эле акчанын күчүн түшүндүм. 9-класста окуп жатканда ата-энемдин жардамы менен азык-түлүк саткан дүкөн ачтым. 9-класстан кийин Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтуна тапшырдым.

Кырсыктын артынан кырсык...

Бардыгы калыбына келип баштаганда кайрадан көйгөй жаралды. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясына тапшырганда атам Алайда жол кырсыкка кабылды. Ал күнү 4 жакын адамыбыздан айрылдык, бактыга жараша атам тирүү калды. Ал 2 жыл төшөктө жатты. Ошол учурда окуудан чыгып, ата-энеме жардам берүүнү чечтим. Алар мени бутумдан тургузуу үчүн колунан келгенин жасашты. Эми кезек менде болчу. Азыркыга чейин иштеп жатам.

Авариядан кийин албетте, тактар калды, кээде башым ооруйт. Буга чейин ар кандай курстарга барчумун, бирок мунун баары пайдасыздай сезилип жатат. Өзүңүздөр билгендей диплом бар, бирок жумуш жок.

Атам, апам жанымда, менде баары жакшы. Жараткандын жардамы менен баарына жетишип жатам.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком