20:02, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Бишкекте бир нече унаа уурдаган шектүүлөр кармалды

На русском
14:55, 7 аяк оона 2019 99

Баракелде -  Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан бир нече унааларды уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма кызматы билдирди.

24-августта Октябрь РИИБге К.С. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 24-августка караган түнү 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунан 3 миң 500 долларлык «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын уурдап, качып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мындан тышкары 30-августта Свердлов РИИБге И.Б. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал Жаш гвардия бульварында токтоп турган «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын уурдап, качып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

2-сентябрда Биринчи май РИИБге У.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал дагы Жаш гвардия бульварында токтоп турган «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын уурдап, качып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

4-сентябрда Ленин РИИБге Ш.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 4-сентябрга караган түнү Чапаев көчөсүндө токтоп турган Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасын уурдап, качып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган фактылар Октябрь РИИБ тарабынан Жазык кодексиндеги 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Октябрь РИИБ менен Бишкек ШИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган А.Б. менен 1991-жылы туулган С.К. кармалды. Шектүүлөр соттун чечими менен №1 абакка 2 айга камакка алынды.

Шектүүлөрдөн жабыркагандар 0 (709) 76-76-06, 0 (771) 67-67-28 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком