18:37, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги баш аламандыкта банктын айнегин талкалады делген кыз кармалды

На русском
18:35, 5 аяк оона 2019 146

Баракелде -  Шаардык милициянын кызматкерлери «Оптима Банктын» кеңсесинин айнегин талкалады делген жаш кызды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

9-августта Биринчи май РИИБге «Оптима Банктын» Ж.А. аттуу өкүлү кайрылып, кеңсенин айнегин талкалаган кызга чара көрүүнү өтүнгөн.

«9-августка караган түнү болжол менен саат 00:00 чамасында 20-25 жаштагы белгисиз кыз Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктын имаратынын айнегин талкалаган», - деп айтылган маалыматта.

Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Биринчи май РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө 17 жаштагы А.А. аттуу кыз кармалып, Биринчи РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком