08:48, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги мушташ: Күнөөм болсо дароо отставкага кетмекмин, - РИИБдин башчысы

На русском
13:44, 5 аяк оона 2019 186
Мадияр Кулуев
Мадияр Кулуев

Баракелде -  Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгында шаардык милициянын жетекчилиги Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон мушташтан жаракат алган жабырлануучулардын жакындары менен жолугушту.

Жолугушууда жабырлануучунун тууганы издөөдө жүргөн шектүүлөрдүн бири Ленин РИИБдин штаттан тышкаркы кызматкери экенин сурады. Ага Ленин РИИБдин жетекчиси Мадияр Кулуев милицияда штаттан тышкаркы кызматкер болбой турганын айтып жооп берди.

«5 жыл мурун штаттан тышкаркы кызматкерлер жоюлган. Азыр андайлар жок. Ошондой эле социалдык тармактарда мен аларды калкалап жатканым тууралуу жазып жатышат. Айткым келет, эгерде менин күнөөм болгон болсо, дароо эле отставкага кетмекмин», - деди Кулуев.

Ал ошондой эле шектүүлөр кармаларын айтып: «Аларды кармоо — абийирдин иши», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком