17:57, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
17:39, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202021 Арстанбапта кышкы оюндар боюнча мелдеш өткөрүлөт
17:18, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202027 Кантта эмерек цехтин чатыры өрттөндү. Сүрөт

Депутат: 21-кылымда контейнер мектеп ачып, элге шерменде болуп жатабыз

10:23, Аяк оона айынын беши, 2019 347

Баракелде -  Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда Нарын районунун Кеңеш айылындагы мектеп маселесин бир нече депутат көтөрдү.

Депутат Алмазбек Акматов («Бир бол») контейнерден курулган мектеп социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, аталган айылдагы эскилиги жеткен мектеп боюнча согуштун ардагери, жашоочулар жана аким кайрылган. Ал өзү авариялык абалдагы мектептин абалы менен таанышып келип, тиешелүү министрликтерге кат жазган.

«21-кылымда контейнер мектеп ачып, элге шерменде болуп жатабыз. Биз депутаттар көйгөйлөр менен жеринен таанышып, бул жерде көтөрөбүз. Ал эми кээ бир министрлер, ведомствонун жетекчилери отписка менен алек болуп жатышат», - деген депутат Нарындагы Эмгек-Талаа айылындагы мектептин да дубалы устун менен тирелгенин айтты.

--------------------------------------------------------

Буга чейин Кеңеш айылындагы окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алып башташканы маалымдалган. Мектептин эскилиги жетип, авариялык абалда болгондуктан өткөн окуу жылынын аягында имаратта окуу процесси токтотулган.

Жаңы окуу жылынын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 6 даана мобилдик үйлөр алынып келип орнотулду. Анда 150гө чукул бала эки нөөмөт менен окуп баштады. Быйыл 1-класска 15 жана даярдоо классына 10 бала кабыл алынган.

Кеңештик окуучулар мобилдик үйлөрдө окуп башташты

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком