17:49, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кызыл-Омпол менен Кой-Таштагы окуяларга катышкандар Солтон-Сарыда да байкалды, - К.Боронов

На русском
17:16, 3 аяк оона 2019 287

Баракелде -  Кызыл-Омпол менен Кой-Таштагы окуяларга катышкан адамдар Солтон-Сарыда да байкалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Сиздин пикириңиз боюнча бул атайын уюштурулган жаңжалбы», - деп сурады депутат Сагындык Келдибаев («Республика—Ата Журт»).

К.Боронов: «Мындай деп айтууга далилдер жок», - деп жооп берди.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) чагымчылдар бар болушу мүмкүн экенин жана абалдан пайдаланып кеткендер болгонун айтты.

«Кой-Таштагы жана Кызыл-Омполдогу окуяларга катышкан адамдар болду. Алар чыгып, сөз сүйлөштү. Телефон чалуулар дагы болду, бирок бул тууралуу айтуу эрте», - деди Боронов.

Буга чейин жергиликтүү жашоочулар Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком