18:41, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги мушташ: Адам өлтүрүүгө аракет жасаган шектүүлөр изделип жатат

На русском
12:41, 3 аяк оона 2019 1047
Подозреваемые
Подозреваемые
// Пресс-служба ГУВД Бишкека

Баракелде -  Милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө аракет жасаган шектүүлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

28-августта эртең менен Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында эркек адамдар арасында мушташ чыккан. Анын кесепетинен мушташка катышкандардын бири комага түшсө, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) жана 266-берене (бейбашчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ленин районунун прокуратурасы Чүй ОИИБдин кызматкери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, массалык мушташка катышкан шектүүлөрдү кылмыш болгон жерден алып кеткени тууралуу маалымдады.

Териштирүүнүн жыйынтыгы менен аталган факт Жазык кодексинин 320-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренеси (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ал эми 31-августта Бишкек ШИИБде бул беренелер Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (кылмышка аракеттенүү, адам өлтүрүү) өзгөртүлгөн.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-изилдөө иш-чарасы жүргүзүлүп жатат.

Шектүүлөр:

- Бапышов Жаныбек Сейитбекович, 1985-жылы туулган;

- Сейитбеков Калысбек Сейитбекович, 1999-жылы туулган.

Кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жери тууралуу билгендер «102» кызматы аркылуу кабарласа болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком