08:30, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Аламүдүндөгү жашоочулар чөнтөкчүнү кармашты

На русском
12:32, 3 аяк оона 2019 136
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Чүйдөгү Аламүдүн районунда жашоочулар уурулукка шектелген адамды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2-сентябрь күнү Facebook социалдык тармагына Лебединовка айылындагы ресторандын жанында жөнөкөй жарандар уурулукка шектелген адамды кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкени тууралуу маалымат жарыяланган.

«2-сентябрда саат 18:00 чамасында милицияга Ысык-Ата районунун 22 жаштагы тургуну (кыз киши) арыз менен кайрылып, баштыгынан уюлдук телефонун жана акчасын уурдап алган 25-30 жаштагы жигитке чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө шектүү катары 30 жаштагы Б.К. кармалды. Ыкчам тергөө иштеринин алкагында анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси аныкталды», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком