23:33, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт, видео: Бишкектеги кампадан 70 млн сомдук тамеки табылып, ишкердин мыйзамсыз иши ачыкталды

На русском
10:40, 3 аяк оона 2019 574

Баракелде -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан кичи автобус токтотулду. Унаадан акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 79 тамеки кутусу табылганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Товар Кыргызстандын А.Б. аттуу жаранына таандык экени аныкталды.

«А.Б. 2017-жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматынын жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, тамекини жакынкы чет мамлекеттерге, алардын ичинде Россия жана Казакстандын аймагына мыйзамсыз жолдор менен ташып, сатып жүргөн. Анын Бишкек шаарында жайгашкан кампасын тинтүү учурунда акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 5000 куту тамеки табылды.

Алдын ала маалымат боюнча, табылган товарлардын баасы болжол менен 70 млн сомдон (1 000 000 доллардан ашык) ашат. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 24 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Бул факт боюнча материалдар Жазык кодексиндеги 215-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда А.Б.нын жашаган жерин, бажы кызматтарына төлөнбөгөн чыгымдардын баасын аныктоо иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком