16:13, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте аёосуз сабалып, комага түшкөн киши өзүнө келди

На русском
17:56, 2 аяк оона 2019 239

Баракелде -  Бишкек шаарындагы мушташтан кийин ооруканага түшкөн адам өзүнө келди. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бейтап — 1988-жылы туулган М.А. Улуттук госпиталга 28-августта жеткирилген. Ал комадан чыгып, жандандыруу бөлүмүнөн нейротравматология бөлүмүнө которулду. Абалы орто оор деп бааланууда.

Ушул эле мушташтан жабыркаган 1988-жылы туулган Б.У. хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Анын абалы орто оор.

--------------------------------------------------------

Бишкек шаарында 28-августта эртең менен эркек адамдар арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен алардын бири комага түшкөнүн бүгүн, 2-сентябрда АКИpress агенттигине ШИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 28-августта Ленин РИИБге Д.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу — 1988-жылы туулган М.А. тез жардам унаасы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуядан кийин Улуттук госпиталга 1988-жылы туулган Б.У. да түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар — 1985-жылы туулган Б.Ж. менен 1999-жылы туулган С.К. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү! Сезимтал адамдарга көрүү сунушталбайт

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком