19:59, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Ильзат Ахметов ЦСКА үчүн алгачкы голун киргизди

На русском
11:41, 2 аяк оона 2019 76
Ильзат Ахметов
Ильзат Ахметов

Баракелде -  Кыргызстандык Ильзат Ахметов Москванын ЦСКА клубунда алгачкы голун киргизди.

Кечээ, 1-сентябрда Россиянын премьер-лигасынын 8-турунда ЦСКА клубу «Арсенал» клубуна каршы беттешип, жеңишке жетти. Анда 21 жаштагы И.Ахметов атаандашынын дарбазасына алгачкы голун киргизди. Бирок жаракатынан улам оюндун 88-мүнөтүндө алмаштырылды.

Бул голу анын расмий оюнда киргизген алгачкы голу болду.

Кыргызстанда төрөлгөн футболчу Ильзат Ахметов Москванын ЦСКА клубунун жарым коргоочусу болгон. Жаш футболчу 6 млн еврого бааланып жатканын Transfermarkt порталы жазып чыккан.

2018-жылы июль айында аталган клубга өтүп, ошол учурда 400 миң еврого бааланган болчу. И.Ахметов 28-июль күнү Россиянын супер кубогунун ээси болгон. Ал эми 1-сентябрда «Урал» клубу менен өткөн оюнда топ өткөрүп берүү ыкмасы менен өзгөчөлөнүп, анын баасы 1 млн еврого жеткен.

3-октябрь күнү Чемпиондор лигасында Ахметов мүчө болгон ЦСКА клубу мадриддик «Реалды» 1:0 эсебинде жеңип алган. Бул көрсөткүч менен футболчунун наркына дагы 800 миң евро кошулган.

Ахметов команданын негизги курамынан орун алып, бир нече оюн өткөргөндөн кийин ага римдик «Рома» жана лондондук «Арсенал» кызыгып, ошондой эле Россиянын улуттук курамасы командага чакырган. Бирок ал «Зенит» клубуна каршы оюнда жаракат алып, улуттук курамада ойной алган эмес.

20-декабрга карата анын трансфердик наркы 6 млн еврого бааланган. И.Ахметов буга чейин Россиянын 2018-жылдагы мыкты жаш футболчусу аталып, жарандыгын алмаштыруу жөнүндөгү чечимди кантип кабыл алгандыгын айтып берген болчу.

«Мен Кыргызстанды сатып кеткен жокмун. Тескерисинче өзүм төрөлгөн өлкөнү даңазалагым келет», - деген Ахметов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком