20:03, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кара-балталык жигит кантип 30 кг арыктады?

На русском
08:59, 2 аяк оона 2019 (Жаңыланды: 15:35, аяк оона 02 2019) 5127

Баракелде -  Кара-Балта шаарынын тургуну Александр жарым жылдын ичинде дарыгерлердин, дары-дармектин жардамысыз эле 30 кг арыктады. Арыктатат деп жарнамаланган ашыкча каражаттарга акча коротпостон, тескерисинче рационун кыскартып, каражатын үнөмдөп калган. Александр өзгөчө ыкмасы тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Дайыма толук жигит болчумун, бирок акыркы 10 жылдай убакыттан бери ашыкча салмак көйгөй жаратып келген. Артериалдык кан басым пайда болуп, тез эле чарчап калчумун. Суу жээкте кийим алмаштыруу учурунда, тактап айтканда өзүмдөн уялып баштагам.

Негизинен ашыкча салмак туура эмес тамактануудан улам болчу. Куурулган тамактарга, котлет, лагманга табитим тартып, күнүнө 2 литр газдалган сууну да ичип койчумун.

Бара-бара салмагым 120 кг болуп, интернетте жазылган ар кандай ыкмаларды колдонуп көрдүм. Бирок анын баары жардам бербей турганын түшүндүм. Негизгиси организмди тазалоо керек экен. Анан дагы адам өзү арыктоону каалабаса эч качан жыйынтык болбойт», - деди Александр.

Ал рационунан майлуу, таттуу жана камыр тамактарды, газдалган суусундуктарды чийип, жашылча-жемиш, жеңил тамактар жана ботко менен тамактана баштаган. Ошондой эле сүт азыктарын, балык, сууга бышырылган этти кошкон.

«Бул ыкманы колдонуу жайкысын жакшы, жашылча-жемиштер көп болот эмеспи. Күндүн биринчи жарымында өсүмдүк майына куурулган балык менен тамактанууга да болот. Ал күндүн акырына чейин организмге сиңет. Ал эми түштөн кийин алма, быштак же айран менен гана тамактанам. Албетте, алгач күчтүү тамактарды азайтуу оор болду, бирок бара-бара организм дагы жеңил тамакка көнүп калат экен.
Ал эми күн ысык болгондо өзүм сүйгөн газдалган суу ичүүнү каалайм. Бирок өзүмдү тарбиялап, суу же чай ичип алам.

Мындай рациондун арты менен алгачкы 3 айда 20 килограммга арыктадым. Андан кийин 10 кг арылуу оор болду. Тактап айтканда 3 ай бою тамак-ашты катуу көзөмөлдөп, машыгуу залдарына барып жаттым», - деди Александр.

Ошондой эле ал күн сайын кандай гана аба ырайы болбосун 3 чакырым аралыкка чуркап баштаган. Алгач ушул аралыкты чуркап өтүү кыйынчылыктарды жаратса, учурда Александр 6 чакырымды тоскоолдуксуз эле чуркап өтө алат. Чуркоодон тышкары жумасына 2 ирет бассейнге, күн алыстан спорт залга барып жатканын кошумчалады.

«Спорт залда кардио машыгууга басым кылам. Эгерде спорт залга барууга жетишпей калсам бул көнүгүүнү үйдөн эле жасап алам. Организмди ар кандай кыйынчылыкка көндүрүүгө болот. Бирок бардык тамактан эле дароо баш тартып койдум деп айтпайм. Айына бир жолу каалагандай тамактанып, кайра кийинки күнү көбүрөөк машыгып коем.

Ал эми жакындарым алгач мени колдоп жатышса, азыр өкүнүшөт. Апам болсо арыктап жатканымды көргөндө улам даамдуу тамактарын даярдап, жакшыраак тамактандыруу аракетин көрүп калды. Ал эми мени көптөн бери көрө элек тааныштарым ооруп жүрөт деп ойлошот. Мага өзгөчө колдоону жубайым көрсөттү», - деди Александр Полещуков.

Ал үчүн ашыкча салмак менен күрөшүү стимул да болуп берген.

«Мен сыйкырдуу дарылардын жардамы менен арыктаган жокмун. Бул — алдамчылык. Адам диванда жатып алып эле арыктабайт.

Мен максатыма жетүү үчүн чоң жолду басып өттүм, аны ишке ашыруу толук мүмкүн», - деп белгиледи Александр.

Учурда өзүн сергек сезип жатканын айткан Александр жакынкы убакытта дагы 10 кг салмактан арылуу максатында тынбай эмгектенип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком