00:24, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
21:13, Үчтүн айынын он тогузу, 202034 Дүйнөдөгү эң кичинекей адам 28 жашында көз жумду

Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Зейнура Бишкектен табылды

На русском
13:03, Аяк оона айынын бири, 2019 3204

Баракелде -  Дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Руслан кызы Зейнура аман-эсен табылды. Бул маалыматты бүгүн, 1-сентябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Зейнура 31-августта саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын аймагынан милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Ал дайынсыз болгонун дос кызы менен Бишкекке сейилдөөгө кетип, туугандарына эскертпей калганы менен түшүндүргөн.

Өспүрүм кыз ата-энесине тапшырылып, инпекторлор өзүнө жана ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

-------------------------------------------------------------------

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 30-августта ички иштер органдарына Нарын облусунун 46 жаштагы тургуну (аял киши) кайрылып, өспүрүм кызы жоголгонун билдирген.

Арыз ээсинин кызы — 2006-жылы төрөлгөн Руслан кызы Зейнура Алтын-Ордо конушундагы туугандарынын үйүнөн 30-августка караган түнү чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө иштери башталган болчу.

Өспүрүм кыз ата-энеси менен бирге Нарын облусунда жашайт. Ал жаңы окуу жылына карата керектүү буюмдарды, кийимдерди сатып алуу үчүн 23-августта Бишкектеги туугандарынын үйүнө келген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком