18:38, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Нарындан Бишкекке келген 13 жаштагы Зейнура дайынсыз жоголду

На русском
09:09, 31 баш оона 2019 5064

Баракелде -  13 жаштагы Зейнура Руслан кызы дайынсыз болуп, изделип жатат. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 30-августта ички иштер органдарына Нарын облусунун 46 жаштагы тургуну (аял киши) кайрылып, өспүрүм кызы жоголгонун билдирген.

Арыз ээсинин кызы — 2006-жылы төрөлгөн Руслан кызы Зейнура Алтын-Ордо конушундагы туугандарынын үйүнөн 30-августка караган түнү чыгып кеткен. Ошол бойдон кайда экени белгисиз.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө иштери менен алгачкы маалыматтар такталды. Өспүрүм кыз ата-энеси менен бирге Нарын облусунда жашайт. Ал жаңы окуу жылына карата керектүү буюмдарды, кийимдерди сатып алуу үчүн 23-августта Бишкектеги туугандарынын үйүнө келген. Руслан кызы Зейнура тууралуу маалыматы бар жарандарды укук коргоо органдары байланышууга чакырат.

- Чүй ОИИБ менен байланыш номуру: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;

- Сокулук РИИБ менен байланыш номуру: (0312) 60-75-67, 0704 01 23 76, 0707 43 41 70

Зейнуранын бою 140-145 см чамалуу, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана узун. Ак түстөгү футболка, кара түстөгү жинсы шым кийип жүргөн.

Кийинчерээк Зейнура аман-эсен табылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком