18:53, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу: «Сары-Өзөн» командасы 3-орунду алды

На русском
15:20, 30 баш оона 2019 137
Кубок президента по кок-бору
Кубок президента по кок-бору
// Жанар Усенов

Баракелде -  Көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган Жогорку лигада «Сары-Өзөн» командасы 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Коло медаль үчүн болгон беттеш бүгүн, 30-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында болуп өттү. Анда «Сары-Өзөн» менен «Кара-Буура» командалары күч сынашып, жыйынтыгында «Сары-Өзөн» 8:1 эсебинде жеңишке жетти.

Жогорку лига, 3-орун

«Сары-Өзөн» - «Кара-Буура» - 8:1

Тай казанга улак салгандар: Кубаныч Султан уулу, 6 (1:0), Эркинбек Орозбеков, 7 (1:1), Аскат Аскаров, 14 (2:1), Улан Насакеев, 17 (3:1), Кубантай Султан уулу, 22 (4:1), Улан Насакеев, 40 (5:1), Таштемир Жекшенов, 43 (6:1), Улан Насакеев, 51 (7:1), Улан Насакеев, 55 (8:1).

Эртең, 31-августта боло турган финалдык оюнда «Ынтымак» менен «Достук» беттешет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком