18:41, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланды

На русскомEnglish
09:48, 29 баш оона 2019 7666
Курсан Асанов
Курсан Асанов

Баракелде -  Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун 7-8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон окуялардагы иш-аракеттери боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, тергөө иштеринин жүрүшүндө 8-августта К.Асанов жан сакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу Атамбаевдин үйүнөн кылмыш иш боюнча маанилүү далил буюмдарды, документтерди жана башка предметтерди алып чыгып кеткени аныкталган. Жан сакчысы 8-августта саат 21:00-21:15 чамасында ИИМдин имаратынын жанында К.Асановдун тапшырмасы менен аталган буюмдарды анын уулу Мухаммед-Али Асановго өткөрүп берген. Ал эми М.Асанов аны А.Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп бермек.

27-августта К.Асановго Жазык кодексиндеги 43-берененин 2-бөлүмү (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жатканы билдирилген.

Ошол эле күнү аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 1997-жылы туулган М.Асановго карата кылмыш иши козголуп, сыртынан камакка алуу чечими чыгарылгандан кийин издөө жарыяланган.

2019-жылдын 23-августунда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын ишине байланыштуу маанилүү документтерди жана башка предметтерди мыйзамсыз экинчи тарапка өткөрүп берүүгө аралашкан деген шек менен ИИМдин кызматкери — К.Асановдун жан сакчысы Пайзылда уулу Дамирбек кармалган. Учурда бул ишке тиешелүү тараптарды аныктоо иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком