18:37, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги баш аламандык: Банктын айнегин талкалады делген кыз изделүүдө (сүрөт)

На русском
16:27, 28 баш оона 2019 699

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктын имаратынын айнегин талкалады делген жаш кыз изделүүдө. Окуя 9-августка караган түнү саат 00:00 чамасында болгон.

ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, азиат түспөлүндөгү, 20-25 жаштардагы белгисиз кыз борбордогу баш аламандык учурунда коомдук тартипти бузуп, «Оптима Банктын» филиалынын каалгасынын айнегин талкалаган.

«9-августта Биринчи май РИИБге "Оптима Банктын" өкүлү Ж.А. кеңсенин айнегин талкалаган кызга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Биринчи май РИИБ тарабынан азиат түспөлүндөгү, бою 160-170 см, салмагы болжол менен 60-65 кг, көзү күрөң, чачы кара кыз изделүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Изделип жаткан кыз тууралуу маалымат билгендер (312) 56-32-48, 0 (507) 21-03-94 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу кабарласа болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком