19:57, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Курсан Асановдун айдоочусу кыйноого кабылдыбы?

На русскомEnglish
10:48, 27 баш оона 2019 132
Подозреваемый П.Д.
Подозреваемый П.Д.

Баракелде -  Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун камактагы айдоочусунун доосу жок. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Н.Сулайманов 26-августта Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган 22 жаштагы Пайзылда уулу Дамирбек менен жолуккан. Анын айтымында, Дамирбектин денесинде эч кандай жаракаттар жок. Ал эми жаш жигит камактын кызматкерлери менен милиционерлерге арызданган эмес.

«Социалдык тармактарда Дамирди кыйнап жатышат деген маалымат пайда болгон. Мен бул маалыматты уккандан кийин убактылуу кармоочу жайга бардым. Дамир мага аны жумушунан кармап кетишкенин айтты. Ал ошондо милициянын формасын кийип жүргөн экен. Бишкек ШИИБге барганда кийинүүгө уруксат берилиптир. Айта турчу жалгыз нерсе, ал бир аз шок абалда жүрөт. Мындан башка доосу жок», - деди Н.Сулайманов.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө 23-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышууга шектелип ИИМдин атайын багыттагы кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком