19:59, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги ири өрттөн жабыркаган эки адам ооруканадан чыгарылды

На русском
13:56, 26 баш оона 2019 69

Баракелде -  Бишкек шаарындагы кампадан чыккан өрттөн жабыркаган эки адам ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

«Алардын абалы туруктуу. Бири 24-августта, экинчиси бүгүн эртең менен үйүнө чыгарылды», - деди дарыгер.

21-августта Бишкек шаарынын Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыккан. Анын кесепетинен 2 адам жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Жабырлануучулар:

- О.Н., 31 жашта, иске ууланган;

- И.А., 33 жашта, иске ууланган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком