20:04, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Документи жок жубайлар, 2 кызы жана 7 небереси жатаканадагы бир бөлмөгө батышат

На русском
09:01, 26 баш оона 2019 12934

Баракелде -  Кара-Балта шаарындагы эски жатаканада жашаган чоң үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин да документи жок. Алар бетон полдо укташат. Бул үй-бүлө менен капыстан таанышып калган жергиликтүү активист Зуура алар тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына билдирген.

Үй-бүлөнүн кожейкеси Гүлнара 1966-жылы Жайылдагы Суусамыр өрөөнүндө төрөлүп, ушул айылда өскөн. Ошол айылдан жолдошу Султан менен баш кошуп, жубайлар 2 кыздуу, 1 уулдуу болушкан. Бирок кийинчерээк Гүлнаранын ден соолугуна байланыштуу жер которууга туура келген.

«Алгач кан басымым боюнча ооруканага кайрылдым. Бирок жыл өткөн сайын өзүмдү алсыз сезип баштагам. Ошондо дарыгерлер бийик тоолуу аймак болгон Суусамырдан көчүп кетүүнү сунушташты», - деп айтып берди.

Жубайлар мындан 10 жыл мурун айылдагы турак үйүн сатып, Кара-Балта шаарына көчүп келишкен. Бул шаарда жашаган Гүлнаранын туугандары комбинаттардын биринин жатаканасынан убактылуу деп орун таап беришкен. Убакыттын өтүшү менен кан басымы ордуна келген Гүлнара өзү заводдо эмгектенсе, жолдошу тракторчу болуп иштеген.

«Мен улам жумуш ордумду алмаштырып иштеп жаттым. Ошол учурда жашаган жерибиз боюнча паспортубузду алмаштыруу үчүн Суусамырга барайын дегем. Менин паспортум СССР учурундагы кызыл паспорт (жарактуу мөөнөтү бүткөн) болчу. Ал эми жолдошум өзүнүн документин жоготуп жиберген. Бирок мен дагы паспортумду жоготуп, көчүрмөсүн гана таптым», - деди Гүлнара.

Өздөрүнүн документи жок болгондуктан балдарына да туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Эки кызы тең турмуш куруп, улуусу 1 уулдун апасы болсо, кичүү кызы 5 балалуу болгон. Бирок алардын балдарында болгону төрөтканадан чыккандагы маалым кат бар. Жубайлар кыздары, алардын үй-бүлөсү менен бирге жашашат. Ал эми уулу үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында.

«7 неберебиз жана 3 кызыбыз менен бир бөлмөдө жашап жаттык. Баарыбызга орун жетиши үчүн полго жатууга туура келет. Учурда улуу кызым жарандык никедеги жолдошу менен Кайыңдыда турат. Кичүү кызым күйөөсү жана 3 баласы менен жайлоодо элдин малын багып жатышат. Учурда үйдө төртөөбүз — мен, жолдошум жана 2 неберебиз бар», - деп кошумчалады.

Неберелери улам чоңойгон сайын мектепке, ооруканага барганда документтин жоктугунан көйгөйлөр жаралып жатканын белгиледи. Учурда бул үйдөгү балдардын ичинен 9 жаштагы кыз гана мектепте билим алып жатса, 8 жаштагы небересинин (кыз бала) бир көзү көрбөй калганын айтты.

«Документтерибизди алуу үчүн алгач убактыбыз жок болчу, азыр акчабыз жок. Биз күйөөм экөөбүз иштебей калдык, үйдө неберелерди карайбыз. Жалгыз акча тапкан адам — кызыбыз Элмира. Ал кышкысын эмгек биржасына чыгып, жайында жайлоого барып каражат таап келет. Акчабыз өтө зарыл болгон азы-түлүктөргө гана жетет. Карызыбыз да бар», - деди Гүлнара.

Алар жашаган 4 кабаттуу жатакананын тургундары мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүп турушат.

Алар жашаган подъезддеги башчы Катя Смаилова: «Бул үй-бүлөдөн подъезддин тазалыгы үчүн акча албайбыз. Алардын жашоосун уккандар өздөрү күнөөлүү деп айтышы мүмкүн. Бирок бизде ушундай кырдаалда жардам бере турган социалдык кызматтар бар да. Өзгөчө бала бакчага, мектепке барбаган балдарга оор», - деп кошумчалады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком