20:01, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жаңы рейтинг: Дүйнөдөгү эң көп акы алган актриса аныкталды

На русскомEnglish
10:16, 24 баш оона 2019 291

Баракелде -  Америкалык Скарлет Йоханссон Forbes басылмасынын версиясы боюнча экинчи жолу дүйнөдөгү эң көп акы төлөнгөн актриса аталды. Ал быйыл 56 млн доллар киреше тапкан. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 15,5 млн долларга көп.

Скарлет Йоханссон кирешенин көбүн «Өч алуучулар: Финал» тасмасына тартылып тапкан. Актриса аталган тасмада башкы ролдордун бирин аткарды.

Ал эми рейтингдин экинчи катарына колумбиялык жана америкалык актриса София Вергара жазылды. Ал «Америкалык үй-бүлө» тасмасына тартылып, 44,1 млн доллар акы алган. Эң көп акы алган актрисалардын арасында 3-орунду алган Риз Уизерспун бир жылда 35 млн доллар киреше тапты. Андан кийинки катарга Николь Кидман (34 млн доллар) менен Женнифер Энистон (28 млн доллар) жазылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком