20:03, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Адил Турдукулов күбө катары сурак берди, - ИИМ

На русскомEnglish
20:49, 23 баш оона 2019 107

Баракелде -  Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 7-8-августтагы окуялар боюнча Валентин Богатырев жана Адил Турдукулов күбө катары чакырылды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алар тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат беришти. Тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында массалык баш аламандык уюштурууга катышуу жана барымтага алуу фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 244-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1-2-3-4-пунктунда (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 3-бөлүмү (массалык баш аламандыктар) менен сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов суракка чакырылганын социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялаган.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком