08:42, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Прокуратурада кан тамырын кескен аял күйөөсүнө айтпай, үйүн эжесине каттатып койгон

19:27, 23 баш оона 2019 129
Ленин райондук прокуратурасы
Ленин райондук прокуратурасы

Баракелде -  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы райондук прокуратуранын имаратында кан тамырын кескен аял кайсы кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү таратты.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 2016-жылы 20-апрелде Ленин райондук прокуратурасына Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жубайы К.В. жана анын эжеси К.А.га карата чара көрүүнү суранган.

«К.В. 2013-жылы күйөөсү Б.К.га билдирбей Бишкек шаарынын Манас проспектисиндеги кыймылсыз мүлкүн эжеси К.А.га каттатып берген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски редакция) 166-берененин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алдамчылык) жана 350-берененин 1-бөлүмү (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) боюнча кылмыш иш козголгон.

«Бир нече жылдык соттук териштирүүдөн кийин кылмыш иш кошумча тергөө үчүн Ленин РИИБдин тергөө кызматына кайтарылган. Ушул жылдын 15-июлунда К.В.га Жазык кодексиндеги (жаңы редакция) 204-берене жана Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски редакция) 348-берене боюнча шектелип жатканы билдирилген. Ал себепсиз тергөө кызматына келбей жүргөн. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, К.В. жана анын жактоочусуна материалдар тааныштырылып жатат. Андан кийин иш сотко жөнөтүлөт», - деп айтылат маалыматта.

-------------------------------------------------------

Буга чейин Ленин райондук прокуратуранын имаратында өзүнүн кан тамырын кескен аялдын абалы канааттандырарлык экенин шаардык травматологиялык пунктунан билдиришкен.

«Ал ооруканага жаткырылган жок. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү, абалы канааттандырарлык», - деген алар.

Бул окуя бүгүн, 23-августта күндүз болгон. Ал аял Ленин районунун прокурорунун орун басарынын иш бөлмөсүндө өзүнүн кан тамырын кескен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком