19:57, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз түн ортосунда табылды

На русском
18:53, 23 баш оона 2019 784

Баракелде -  Дайынсыз жоголуп, издөөгө алынган 14 жаштагы Шахноза Акунова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

22-августта 2005-жылы туулган Акунова Шахноза Рустамовнага издөө жарыяланган болчу. Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ш.Акунова 22-августта түн ортосунда Аламүдүн-1 кичи районунан табылган. Аны милиционерлер РИИБге жеткиришкен.

«Өспүрүм кыз менен Жашы жете электер менен иштөө испекциясынын кызматкерлери сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал эми кыз туугандарына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Шахноза Акунова 21-августта саат 18:00 чамасында Аламүдүн районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экени маалымдалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком