19:58, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алдамчынын тузагына түшкөн тургун 23 миң долларынан кол жууган

На русском
15:14, 23 баш оона 2019 127
Шектүү
Шектүү

Баракелде -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Ал курулуш компаниялардын бирине таандык батирди сатып жибергенин ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 9-августта Октябрь РИИБге М.А. аттуу жашоочу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 5-июлда Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн батир сатып алган. Г.И. аттуу адам өзүн батирдин ээси деп тааныштырып, аны 23 миң долларга саткан. Жабыралуучу акчаны бергенден кийин гана батир курулуш компаниясына таандык экенин билген.

Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 1971-жылы туулган Г.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Шектүүдөн жабыркагандар 0(707)60-30-30, 0(551) 60-30-30 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком