00:47, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги эки ири өрт: Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды

На русском
14:49, 23 баш оона 2019 107
// АКИpress

Баракелде -  Бишкек шаарындагы эки кампадан чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

21-августта саат 12:00 чамасында Ленин РИИБге Интергельпо көчөсүндө жайгашкан «ВЕКО» фирмасына таандык кампадан өрт чыккан тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам топ жөнөтүлгөн.

«Болжолдуу маалымат боюнча, кампанын шыбындагы электр зымдары туташып, дароо өрт тутанган. Өрт чыккан аймакка ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрү тартылды. Учурдагы маалыматтарга караганда кампада "БЕКО" жана "ХИТАЧИ" фирмаларынын тиричилик техникалары болгон.

Ошондой эле кечээ, 22-августта саат 18:45 чамасында Бишкек ШИИБге 102 кызматы аркылуу Ч.Валиханов көчөсүндөгү "Бишкек машина куруу заводу" ААКта өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам топ өрттүн кесепетинен "Бишкек машина куруу заводунун" 4 кабаттуу имараты өрттөнүп кеткенин аныктады. Өрттүн жалпы аянты — болжол менен 2100 чарчы метр. Өрткө электр зымдарынын туташуусу себеп болгону болжолдонууда. Өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок», - деп айтылат маалыматта.

Бул факттар Жазык кодексиндеги 261-берене (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда Октябрь жана Ленин РИИБ тарабынан өрттүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком