18:41, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Башкы прокуратура: Аскар Акаев Кыргызстанга келсе суракка алынат

На русском
13:46, 23 баш оона 2019 1376
Аскар Акаев үй-бүлөсү менен
Аскар Акаев үй-бүлөсү менен

Баракелде -  Аскар Акаев Кыргызстанга келген учурда тиешелүү органдар тарабынан суракка алынып, андан кийин анын иш-аракеттерине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты.

Башкы прокуратура А.Акаевдин туугандарына карата бир нече кылмыш иши козголгонун эске салды.

«А.Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген "Мээрим" фонду боюнча, уулу Айдар Акаев, мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев жана башка адамдарга карата кылмыш иш козголгон. Алардын иш-аракетинин кесепетинен мамлекетке миллиондогон чыгым келтирилген. Айрым кылмыш иштер боюнча соттун өкүмү чыккан», - деп айтылат маалыматта.

«Мээрим» кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында 30 кылмыш иш козголгон. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян — 64 миллион сом. Ондогон имараттар жана башка мүлктөр мамлекетке кайтарылган.

Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев сырттан мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берене (эски редакция, алдамчылык), 188-берене (монополиялык аракеттер жана атаандаштыкты чектөө) жана 213-берене (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү) боюнча күнөөлүү деп табылган. Мындан тышкары сот соттолуучудан «Манас» эл аралык аэропортунун пайдасына 677,291 миллион сом (болжол менен 10 млн доллар) өндүрүүнү милдеттендирген.

А.Акаевдин уулу Айдар Акаевге карата 4 кылмыш иш козголгон. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян — 3 млн доллар. Ошондой эле 11 кылмыш ишке түз жана кыйыр түрдө күнөөлүү экени далилдеген.

«А.Акаев жана анын үй-бүлөсү 2005-жылдагы революциядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Алар тараптан жасалган кылмыштардын алкагында камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Ошондой эле Айдар Акаевге, мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаевге жана туугандарына издөө жарыяланган», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык кылмыш кайсы жерде болсо, ошол жерде сот жоопкерчилигине тартыла турганын көзөмөлдөө органы белгиледи.

Кыргызстандын жараны болуп эсептелген адамдагы башка өлкөнүн жарандыгы таанылбайт. Ошондой эле өлкөнүн укук коргоо органдары улуттун кызыкчылыктарын коргоо жана мыйзамдын алкагындагы иликтөө иштерин улантышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком