20:04, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаардын» талкаланган камералары: Милиция шектүү жигиттердин сүрөттөрүн таратты

На русском
10:30, 23 баш оона 2019 127

Баракелде -  Милиция 8-августтан 9-августка караган түнү Бишкек шаарында бейбашчылык кылууга шектүүлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов РИИБге «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКнын өкүлү арыз менен кайрылган. Арызында ал 9-августта болжол менен саат 1:30 чамасында атайын коомдук тартипти бузуп, Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде орнотулган «Коопсуз шаар» долбоорунун 2 камерасын талкалап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

«Мындан тышкары алар Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган төрт камераны талкалап кетишкен», - деп айтылат маалыматта.

Свердлов РИИБге Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган 7 камераны 9-августта болжол менен 00:30да талкалап качып кеткен белгисиз жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Свердлов РИИБге «Финанскредитбанк» ААКнын өкүлү арыз менен кайрылган. Ал арызында 8-августтан 9-августка караган түнү аталган компаниянын мекемесининин терезесин сындырып качып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Свердлов РИИБге ошондой эле 9-августта болжол менен саат 00:30да Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун «Хотон» үлгүсүндөгү кызматтык унаасы талкалангандыгы тууралуу рапорт түшкөн.

Аталган фактылар Свердлов ШИИБ тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбашчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тактоо иштеринин жүрүшүндө видеокамерадагы жазуулар аркылуу шектүүлөрдүн сүрөттөрү алынды.

Сүрөттөгү жигиттерди тааныгандар: 0771 141190, 0700 110077, 0556 155144, 0779 646155, 0550 102927, 0552 102471 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу байланышса болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком