19:55, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Башкы прокуратура: И.Карамушкина барымтага алууга шектелип жатат

На русском
16:43, 22 баш оона 2019 293
Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага барымтага алуу беренеси боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

И.Карамушкинага билдирүү бүгүн тапшырылган. Ал Жазык кодексиндеги 244-берененин 3-бөлүмү (барымтага алуу) боюнча шектелип жатат.

Буга чейин депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аны күбөдөн шектүүгө өткөрүп коюшканын жазган болчу.

244-берене. Барымтага алуу

1. Мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары жасалган адамды барымта катары алуу же кармоо III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу башка предметтерди колдонуу менен;

4) эки же андан көп адамга карата;

5) билип туруп жашы жетелекке карата;

6) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

7) пайда көздөө менен же жалдануу менен IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган этиятсыздыктан оор зыян келтирген жосундар V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар эгерде күнөөлүү барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Барымтадагы адамды уурдаган учурдан тартып 12 саатын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком