03:14, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

С.Жээнбеков Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты

На русском
15:58, 22 баш оона 2019 606

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөткө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Буга, Жаман-Даван жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу жана азыр пайдаланылып жаткан ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү каралууда. Ар бир дарыя боюнча өзүнчө техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, аларды каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарын тартуунун үстүндө иштер жүрүүдө.

Долбоорлор 2020-жылдан тартып ишке ашырыла баштайт. Алардын аякташы менен Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жетип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мамлекет башчы ирригация тармактарын модернизациялоо жана кеңейтүү регионалдык өнүктүрүү саясатынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Тийиштүү мамлекеттик органдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен бул маселени чечүүнү тездетүү сунушталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком