01:50, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Аида Салянова ооруканага жаткырылды

На русскомEnglish
18:13, 21 баш оона 2019 90
Аида Салянова
Аида Салянова

Баракелде -  Мурунку башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Салянова Улуттук кардиология борборунда дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта АКИpress агенттигине жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, А.Салянова ооруканага 19-августта жаткырылган.

«Ал дарыланып жатат, абалы канааттандырарлык», - деди жактоочу.

Биринчи май райондук соту 15-августта А.Салянованы үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Мындай чечимге анын тергөө менен кызматташууга каалоосу бар экени себеп болгон.

А.Салянова 4-июнга караган түнү «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком