01:56, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

УКМК: Бишкектеги өтмөктөрдү оңдоодо иштин баасын жогорулатышкан

На русском
13:06, 21 баш оона 2019 47
// АКИpress

Баракелде -  Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы жер алдынан жана жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөргө капиталдык оңдоо жүргүзүүдө иштин баасын жогорулаткан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

14-августта Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Чүй проспектиси жана Абдырахманов көчөсү, Манас жана Чүй проспектилериндеги жер алдындагы өтмөктөрдүн, ошондой эле Курманжан датка («Аламүдүн» базары) жана Шабдан баатыр («Мадина» базары) көчөлөрүндөгү жер үстүндөгү өтмөктөрдүн капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн сынактарга текшерүү жүргүзүлгөндүгү аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 498,9 миң сом суммасында иштин баасын жогорулатуу боюнча факт аныкталып, анын ичинен 122,3 миң сом акча каражатына кылынуучу иштер ортомчулар тарабынан четтетилген. Жалпысынан Бишкек шаарынын казынасына 376,6 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошондой эле 2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасынын текшерүүсүнүн негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 7 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком