08:46, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сауд Арабиядагы аялдар күйөөсүнүн уруксаты жок саякаттоого укук алышты

На русском
20:59, 23 баш оона 2019 130

Баракелде -  Сауд Арабияда эми аялдар камкорчу (көзөмөлчү) адамдын уруксаты жок паспорт алып, саякаттап, баланы каттата алат. Ошондой эле жашы жете электерге камкорчу болуп, мамлекеттик мекемелерден үй-бүлөлүк документтерди алууга укутуу болушту.

Сауд Арабиядагы аялдарга бул укуктарды берген мыйзам август айынын башында кабыл алынганын «Saudi Gazette» басылмасы жазды. Аталган өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин аялдарга бир топ чектөө коюлуп келет. Буга карабастан акыркы мезгилдерде бул абал акырындык менен өзгөрүп келе жатат. Мисалы, 2017-жылы аялдарга айдоочулук күбөлүк берилип, алар унаа башкарууга жана туристтик гид болууга укук алышкан болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком