19:57, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казак жараны Кыргызстандан 45 кг баңгизат алып чыгууга аракет жасаган (сүрөт)

На русском
10:11, 21 баш оона 2019 90

Баракелде -  Казакстандык жаран Кыргызстандан 45 килограмм баңгизат чыгарып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» басылмасы Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматына шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка караганда, кечээ, 20-августта «Кордай» өткөрмө пунктунда казакстандык чек арачылар өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизатты Кыргызстандан Казакстанга алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Баңгизатты Казакстандын жараны ташып бара жаткан.

Мыйзамсыз жүк ташыган жаран коопсуздук органдарына өткөрүлүп берилет. Учурда шектүүгө карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком