01:57, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Райондук сот Алмазбек Атамбаевдин кармалышы мыйзамдуу деп тапты

20:38, 20 баш оона 2019 106
Алмазбек Атамбаев в своем доме в Кой-Таше
Алмазбек Атамбаев в своем доме в Кой-Таше
// АКИpress

Баракелде -  Бүгүн, 20-августта Биринчи май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугун карады. Жыйынтыгында судья А.Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин апелляциялык арызы канааттандырылбаганын билдирди.

Бул отурумга Алмазбек Атамбаев катышкан жок.

Жактоочу Слесарев Алмазбек Атамбаевди да катыштырууну суранган. Анын айтымында, арызды караган отурумга прокурор, тергөөчү жана арыз ээси катышуусу керек. Бирок судья Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде арыз ээсинин отурумга катышуусу каралбаганын айтып, өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Сот отурумунда прокуратуранын өкүлү сүрөт жана видеого тартууга чектөө коюуну өтүнгөн. Анын айтымында, процесс учурунда жашыруун маалыматтар айтылышы мүмкүн. Ал эми жактоочу Слесарев отурум жабык болуп жатканын айтып, бул сунушка каршы чыкты.

Судья Абдуразак Боромбаев өтүнүчтү канааттандырды.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнөн 8-августта кармалган. Ал 26-октябрга чейин камакта калтырылганын бүгүн, 20-августта жактоочу Сергей Слесарев билдирди. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту УКМКнын имаратында өткөн көчмө отурумда кабыл алган.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком