01:56, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмазбек Атамбаев сот отурумуна катышкан жок

На русскомEnglish
17:51, 20 баш оона 2019 226

Баракелде -  Бүгүн, 20-августта Биринчи май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугун караган сот отуруму өтүп жатат. Апелляциялык арызды А.Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев жазган болчу.

Сот отурумунда прокуратуранын өкүлү сүрөт жана видеого тартууга чектөө коюуну өтүндү. Анын айтымында, процесс учурунда жашыруун маалыматтар айтылышы мүмкүн. Ал эми жактоочу Слесарев отурум жабык болуп жатканын айтып, бул сунушка каршы чыкты.

Судья Абдуразак Боромбаев өтүнүчтү канааттандырды.

Жактоочу Слесарев Алмазбек Атамбаевди да катыштырууну суранды. Анын айтымында, арызды караган отурумга прокурор, тергөөчү жана арыз ээси катышуусу керек. Бирок судья Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде арыз ээсинин отурумга катышуусу каралбаганын айтып, өтүнүчтү канааттандырган жок.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнөн 8-августта кармалган. Ал 26-октябрга чейин камакта калтырылганын бүгүн, 20-августта жактоочу Сергей Слесарев билдирди. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту УКМКнын имаратында өткөн көчмө отурумда кабыл алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком