18:40, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

А.Батукаевдин иши: Тергөө менен келишим түзгөн шектүүлөрдүн тизмеси

На русском
14:47, 22 баш оона 2019 387
// АКИpress

Баракелде -  Ушул жылдын 23-апрелинде Башкы прокуратура тарабынан А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иш Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү менен (коррупция) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөөнүн алкагында Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция), 329-беренесинин 1-бөлүмү (кызматтык жасалмачылык), 359-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча 19 адамга айып тагылган.

Тергөө менен кызматташууну чечип, үй камагына чыгарылгандар:

- жактоочу Али Касымов (31-июлда кармалып, 19-августта чыгарылды);

- Гемотология борборунун лаборанты Ирина Цопова (6-майда кармалып, 17-августта чыгарылды);

- мурунку башкы прокурор Аида Салянова (3-июнда кармалып, 15-августта чыгарылды);

- Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев (июль айынын аягында айып тагылып, 2-августта чыгарылды);

- дарыгер Эмил Макимбетов (6-майда кармалып, 26-июнда чыгарылды);

- мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов (21-майда кармалып, 7-июнда чыгарылды);

- Нарын облусунун прокурорунун мурунку орун басары Майрамбек Акматалиев (29-майда чыгарылды);

- мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева (12-майда кармалып, 22-майда чыгарылды);

Ошондой эле мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага карата Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны үй камагына чыгарды.

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча айыпталгандардын толук тизмеси бул шилтемеде.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком