18:10, 23 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте кичи автобуста уктап калган жүргүнчү телефон менен акчасын жоготту

На русском
13:44, 20 баш оона 2019 112

Баракелде -  Бишкекте кичи автобуста уктап калган жүргүнчүнүн чөнтөгүнөн телефон менен акчасын уурдоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

14-августта Биринчи май РИИБге К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал түндө батыш автобекетинде токтоп турган кичи автобуска кирип, анын шымынын чөнтөгүнөн 14,8 миң сомдук «Redmi» үлгүсүндөгү телефону менен 6 миң сом акчасын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Биринчи май РИИБдин кызматкерлери шектүү катары 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаранды колго түшүрдү. Кармалган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган. Биринчи май райондук соттун чечими менен шектүү №1 абактагы убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком