11:10, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Нью-Йорктогу эң алгачкы өзбекстандык полиция кыз уурулукка айыпталып жатат

На русскомEnglish
12:04, 20 баш оона 2019 737

Баракелде -  Нью-Йоркто өзбекстандык кыздардан эң алгачкы жолу полиция кызматкери болгон Садокат Махсудова уурулукка айыпталып жатат. Бул маалыматты New York Post басылмасы булактарга шилтеме берүү менен таратты.

Нью-Йорк полициясынын кызматкери 15-августта саат 16:30 чамасында кымбат баалуу кийимдер сатылган мода борборуна кирген. 24 жаштагы Садокат Махсудова дүкөндөн алган кийимдин акысын төлөбөстөн кетип бара жатканда коопсуздук кызматкерлери тарабынан токтотулуп, анын баштыгынан 300 долларга бааланган кийим табылган.

The Post басылмасынын маалыматы боюнча, полиция кыз майда уурулукка айыпталып, кызматынан убактылуу бошотулду.

Садокат Махсудова полиция академиясынан 6 айлык курсту аяктап, сынактан ийгиликтүү өткөндөн кийин расмий түрдө полиция кызматкери болуп кабыл алынган. Ал Өзбекстандын Бухара облусунда төрөлүп, Америкага 2009-жылы жер которгону маалым болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком